• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ТИМ башчылары жолугушту

15 Кулжа 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 14-июнунда Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысын кызматка дайындалышы менен куттуктап, ар бир тарапты кызыктырган ар кандай чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көп тараптуу форматта дагы кошумча динамика берүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгына токтолушту.

Ошол эле учурда, элчи И. Аль-Ради Сауд Аравия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында, быйыл Меккеге зыярат кылуу өз жарандарына гана уруксат берүү менен өтө тургандыгын айтты.

Өз кезегинде Казакбаев кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгилеп, жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди.

Ошондой эле элчи Сауд Аравия падышалыгынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга ушул жылдын июль айынын ортосунда келүү ниети жөнүндө маалымдады.

Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, министр Руслан Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин башчысын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Количество просмотров: 119