Ош облусунун Араван районунун тургуну О.А. Кыргызстандын жана Түркиянын аймагында бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кармалган 37 жаштагы О.А. айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду сатуу шылтоосу менен жарандардын ишенимине кирип, бирок мобилдик телефондорду алгандан кийин ал жок болуп кеткен.
Учурда кармалган жаран КРнын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
«Ушуга байланыштуу шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандардан КР ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн төмөнкү номерлери боюнча кайрылууну суранбыз: 693535, 0999019102, 0708003619»,-деп айтылат маалыматта.
ИИМ ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери О.А.нын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иштерди улантууда.