• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары жолугушту

10 Кулжа 2021 17:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдогандын Анкара шаарында жолугушуусу өткөргөн. Бул тууралуу түрк лидеринин жубайы өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазган.

«Расмий сапар менен Түркияда жүргөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жубайы — Айгүл Жапарова менен жолугуп отурганыма абдан кубанычтамын. Визит өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдейт деп ишенем», — деп жазган Эмине Эрдоган.

Количество просмотров: 440