• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашуу чечими кабыл алынган

24 Бирдин айы 2020 15:05 Бишкек Govori.TV

21-февралда Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу болгон. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим баштаган жумушчу топтор катышкан. Жыйында эки тараптын макулдашуусуна ылайык Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашуу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, тажикстандык «Азия-Плюс» басылмасы жазды.

«Мындай жол менен бир топ убакытка созулган чек ара жерлери боюнча кырдаал токтоп турган чекиттен жылды десек болот. Алмаша турчу жердин жарымы Кыргызстанга, жарымы Тажикстанга таандык», — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда чек араны делимитация жана демаркация боюнча протокол кабыл алынды. Ал эми эки өлкө өкүлдөрүнүн кийинки жолугушуусу ушул жылдын март айынын аягында болмокчу.

Мындан тышкары, жыйында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Иш-чаралар планы 33 пункттан туруп, анда негизинен социалдык-экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымакты жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар учурунда чогуу иштөө сыяктуу жоболор каралган.

Количество просмотров: 172