• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара жаңжалында эки өлкө аймагында калган унаалар менен алмашты 

26 Бештин айы 2023 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын аймактарында кармалып турган жүк ташыган машиналар алмашуу жолу менен бошотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Ага ылайык, алмашуу жөнүндө президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода 25-декабрдагы жолугушуусунда макулдашкан.

Натыйжада Тажикстанга Кыргызстан төрт, ал эми Кыргызстанга коңшу өлкө беш жүк ташуучу машина өткөрүп берилди. Чектеш айылдардын тургундарына таандык бул унаалар былтыркы куралдуу жаңжал учурунда түрдүү себептер менен калып кеткен.

Баткен облустук администрациясынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн аймагында кармалып турган унааларлы кайтаруу тапшырмасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык ишке ашырылды.

Жолугушуу соңунда Алимбаев менен Ахмадзода бири-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, коңшу элге тынчтык, ынтымак жана өнүгүп-өсүү каалашты.

Тараптар быйыл чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап,келерки жылга иш пландарды кабыл алышты. Анда чек арада коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча биргелешип иштөө макулдашылган.

Тараптардын жолугушууга эки облустун чектеш район-шаарларынын, күч түзүмдөрдүн жетекчилери да катышты.

Маалыматка ылайык, Баткен жана Согди облусунун жетекчилиги буга чейин аймакта тынчтыкты орнотуу, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында байма бай жолугушуп турууну макулдашкан. Чек ара аймактарында болгон айрым окуяларды убагында жана жеринде чечип келишти. Анын натыйжасында чек ара аймактарында олуттуу окуялар катталган жок. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болду.

Количество просмотров: 114