Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.
Кыргызстан менен Тажикстан кээ бир айыл тургундарын алмашуу менен чек ара маселесин чечсе болот. Бул тууралууу тегерек стөлдө Баткен облусунун мурдакы жетекчиси Мамат Айбалаев билдирди.
Анын айтымында, калк жыш жайланышкан аймактардагы чек араны аныктоо татаал болгондуктан, Тажикстан менен Кыргызстан этникалык тажиктер жана кыргыздар жашаган айылдарын алмашып алса болот.
«Ворух менен Мачаидеги тажик жарандары менен Жерге-Тал менен Мургабтагы этникалык кыргыздарды алмашып алса болот. Ага болбосо, Ходженттин айланасындагы айылдарда дагы 22 миңдей кыргыздар жашайт. Алар дагы Кыргызстанга жакын көчүп келүүгө каршы болбос. Тажик жарандары дагы мыйзамды сыйлаган калк», — дейт ал.
Белгилей кетсек, Ворух анклав Кыргызстандын айылдары менен курчулган.