Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери саат 16.00дө ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, парламентарийлер эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун сүйлөшүүлөрү тууралуу актуалдуу маалымат алышты.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 16-сентябрь саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түшкөн.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек ЖДПБда, 5 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди.