• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

10 Жалган куран 2021 9:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин эки кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечегин белгилешти.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышуу болду. Тараптар жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалогдун уландысы өз ара ишенимдин жогорку даражасынын жана саясий аракеттенүүнүн индикатору болуп саналарын өз ара белгилешти.

Иш-чаралардын мазмундуу бөлүгүн сапаттуу даярдоого өзгөчө басым жасалып, тараптардын кароосунда турган документтердин долбоорлорун өз убагында макулдашуунун зарылдыгы белгиленди.

Казакбаев жана Мухриддин 2021-жылдын 16-мартында Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында өткөрүү пландаштырылган Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык делегацияларынын сүйлөшүүлөрү калган мамлекеттик чек ара тилкелерин тактоо боюнча иштерди улантууга жана туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого тараптарга мүмкүнчүлүк берет деген пикирге келишти.

​Ошондой эле тараптар жакынкы аралыкта эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 17-отурумун өткөрүү маанилүү экендигин белгилешти.

Сүйлөшүү убагында С. Мухриддин Р.Казакбаевди 2021-жылдын 30-мартында Душанбе шаарында өтө турган Афганстан – «Азиянын Жүрөгү» аттуу 9-чу Министрликтер конференциясынын ишине катышууга чакырганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 71