Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV
Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотовдун жетекчилигиндеги делегация Якутиянын өкмөтүнүн төрагасы, ошондой эле тышкы байланыштар жана Саха Республикасынын элинин иштери боюнча министр менен жолугушту.
Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Якутиядагы учурдагы кырдаал, Саха Республикасынын (Якутия) аймагында жашаган элдин өз ара мимилеси боюнча маселелер, жаңжалды жөнгө салуу жана мындан кийинки кызматташуу талкууланды. Ошондой эле делегация Якутск шаарындагы дин кызматкерлери, муну менен катар эле имам менен жолугушту.
Жолугушууга орото азиялык 50гө жакын жаран катышты. Анын жүрүшүндө делегациянын башчысы Токтоболотов мекендештерди улуттар аралык жаңжалга алып келе турган иш аракеттерден алыс болууга, Россия Федерациясынын мыйзамын сактоого, ошондой эле өлкөнүн каада-салтын сыйлоого чакырды.
Кыргызстандык делегациянын курамында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Ниязалиева Д.К., Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Галиева Ж.Д., ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Жороева Н. бар.
Эске салсак, Якутиянын Комсомольск аянтында 17-мартта 200дөн ашык адам чогулуп, миграцияга байланыштуу мыйзамды катаалдаштырууну талап кылышкан. Якутиялык аял борбор азиялык экени болжолдонгон мигранттар тарабынан зордукталганы айтылган. Митингдин жүрүшүндө полиция кызматкерлери экстремисттик билдирүү айткан адамды кармаган болчу.
Алгачкы тергөө иштериндеги маалыматтар боюнча, 17-мартта эртең менен балдар аянтчасынын аймагынан белгисиз эркек киши жергиликтүү аялды унаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып кеткен. Андан көп убакыт өтпөй аял полиция кызматкерлерине зордукталганын айтып кайрылган.
Бул кылмышка шектүү делип болжолдонгон адам полиция тарабынан кармалганы маалымдалган. Ошондой эле бул кылмышка дагы 2 эркек киши катышканы тууралуу маалыматтар текшерилип жатат.
SakhaLife жарыялаган маалымат боюнча, кармалган шектүү — Кыргызстандан барган 23 жаштагы жигит. Ал автосервистеги 2 шериги менен бирге кармалган.