• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир туннель табылды (видео)

7 Кулжа 2022 15:55 Бишкек Govori.TV

Жер астындагы туннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилеүү болгондой, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын байланыштырган туннель табылган.

Ал эми 2022-жылдын 4-июнунда КР УКМК, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелуу тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 4992