• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча жумушчу топтору жолугушту

15 Аяк оона 2020 16:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз делегациясынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.   

Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти.

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу.

Количество просмотров: 45