• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму өтүп жатат

21 Аяк оона 2021 16:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда, Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форуму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман, Тажикстандын өкмөтүнүн аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча комитетинин төрагасы Хилалби Курбонзода, Казакстандын парламентинин Эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары катышууда.

Форумда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева биринчи жолу ишкер аялдардын башы  биригип, кеңири форматта сүйлөшүү аянты түзүлүп жатканын кубануу менен белгилеп, бүгүнкү башталган иш-чара жемиштүү жыйынтыкталаарына ишенээрин билдирди.

Ал эми Танзила Нарбаева Өзбекстан парламентиндеги депутаттардын 32%ы аялдар экенин, мамлекеттик саясатта гендердик теңдик камсыздалганын кошумчалады. Муну менен катар ишкер аялдарды колдоо максатында мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, атайын каржылоочу банк түзүлгөнүн маалымдады.

Андан тышкары, форумдун катышуучулары ишкер аялдардын ишмердүүлүгүн колдоо маселесин көтөрүшүп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 

Количество просмотров: 65