• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан менен Индиянын ишкер аялдарынын ортосунда туруктуу аянтча түзүлдү

21 Чын куран 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 20-апрелинде Кыргызстан менен Индиянын аялдарынын эл аралык бизнес форумунун виртуалдык форматта расмий ачылышы болуп өттү. Бул форумду уюштуруу Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин жана Индиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын (FICCI) демилгесин ишке ашыруу болуп калды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Индия тараптан бизнес форумду төмөнкүлөр ачты:

 — С.Редди — Индиянын Соода-Өнөр жай палатасынын экс-төрагасы жана Индиянын эң ири “Аполло» ооруканасынын учурдагы башкаруучу директору; 

— Д.Ченой — FICCIнин Башкы катчысы;

 — А.Димри — Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси.

Форумду кыргыз тараптын атынан төмөнкүлөр ачты:

 — А.Чыныбаева — Бишкек шаарынын вице-мэри; 

— З.Акбагышева — Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Президенти; 

— А.Сагынбаева — “Курак” аялдар форумунун башкармасынын төрайымы; 

— А.Исаев — Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси.

FICCI аялдар канатынын төрагасы Харжиндер Каур Талвар, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Президенти З.Акбагышева жана “Курак” аялдар форумунун башкармасынын төрайымы А.Сагынбаева форумдун теңтөрагалары болуп дайындалды.

Форумда өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки Меморандумга кол коюлду: 

— Индиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясы (FICCI) жана Кыргызстан Аялдар Конгрессинин ортосунда; 

— Индиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясы (FICCI) жана “Курак” аялдар форумунун ортосунда.

С.Редди өз сөзүндө Индияда да, Кыргызстанда да аялдардын ишкердигин колдоо жана жайылтуу боюнча демилгелер өнүгүп жаткандыгын айтуу менен, буга байланыштуу индиялык тарап кыргыз аялдар уюмдарынын демилгелерин колдой турган бирдиктүү багыттарды табуу керек экендигин белгиледи. 

Бишкек шаарынын вице-мэри А.Чыныбаева, ошондой эле З.Акбагышева жана А.Сагынбаева катышкан кыргыз тарап мындай туруктуу аялдар форумун түзүүнүн уникалдуулугун белгилөө менен, Кыргызстан менен Индияда кол өнөрчүлүк жана колдонмо искусство, айыл чарба, туризм, IT, фармацевтика жана башка көптөгөн тармактарда ишкердик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тармактарды түзүү үчүн аянтча болоорун белгилешти.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Индиянын салттуу күчтүү аялдар кыймылын ири биргелешкен форумга бириктирүү Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерге чоң салым кошоорун баса белгиледи.

Ош жана Нарын шаарларынан катышкан ишкер аялдарынын конкреттүү долбоорлору Индия тарабынын чоң кызыгуусун арттырды жана аларды ишке ашыруунун пландары жөнүндө кеңири айтылды. 

Форумдун аягында мындан ары ишке ашыруу жана аялдар ишкердиги жаатындагы долбоорлорду кыргыз тарап менен кеңири талкуулоо үчүн индиялык тарап коронавирус пандемиясы боюнча кырдаал турукташкандан соң, Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө даяр экендигин билдирди.

Количество просмотров: 49