• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары чек ара маселесин талкуулайт

17 Бештин айы 2018 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV

Эртең, 18-декабрь күнү Ош шаарында Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жазылат.
Маалыматта айтылгандай жолугушууда чек ара маселеси талкууланмакчы.


Эки тараптын буга чейинки биринчи жолугушуусунда такталбаган чек ара тилкесинин эки жери макулдашылган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.

Количество просмотров: 26