• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Кыргызстан Ооганстанга гумжардам жеткирди

5 Тогуздун айы 202516:50 Бишкек Govori.TV

Табигый кырсыкта жапа чеккендер үчүн Кыргызстандын атынан Ооганстанга гумжардам жөнөтүлдү. Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 млн сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылган.

25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда жолго чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Андан ары делегацияны Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, коштоп барган.

Жардам Ооганстандын Кунар провинциясындагы Нургал районунда 31-августта болгон жер титирөөдөн жабыркаган калк үчүн чогултулганы белгиленди. Жүк кампаларга түшүрүлүп, жакынкы күндөрү кырсык болгон аймакка жеткирилет.

Кыргызстандан барган делегацияны Балх провинциясынын губернатору Мухаммат Юсуф Вафо өз резиденциясында кабыл алып, кыргыз элине жана мамлекет башчыга ыраазычылык билдирген. 

Количество просмотров: 166