• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстан Орусиядан «кара тизмедеги» мигранттарга мунапыс берүүнү өтүндү

27 Чын куран 2022 17:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Кремлден «кара тизмедеги» мигранттарга мунапыс берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Жээнбек Кулубаев билдирди.

«Мунапыс 2019-жылы берилиптир. Биз буга байланыштуу дагы эки жолу кайрылып иштеп жатабыз. Жакында эле Орусиядан чоң делегация келип кетти, анда дагы биз бул маселени көтөрдүк. Президент Садыр Жапаров дагы жакында эле Владимир Путинге кайрылган. Биз өтө олуттуу эмес мыйзам бузгандарга мунапыс бергиле деп кайрылганбыз, бул боюнча иштер жүрүп жатат», -деди Кулубаев.

Парламенттин тармактык комитети 25-апрелде министр кызматына Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи Орусия 74 миң кыргызстандык жаранды «кара тизмеге» киргизип, кирүүгө тыюу салганын билдирген. Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын расмий саны бир миллиондон ашты.

Количество просмотров: 129