• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдында «ЭЛ ҮЧҮН» программасын сунуш кылат

7 Аяк оона 2020 16:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген!

Бул максатка жетүү үчүн, өлкөнүн тарыхында “Элдик мыйзамдар” деген ат менен кала турган демилгелер иштелип чыкты! Алар эл үчүн жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн иштелип чыккан! Партия республиканын жарандарын угат жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алат!

Партия төмөнкү багыттар боюнча жигердүү реформаларды жүргүзүү үчүн түпкү кадамдарды сунуш кылат: экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, эл аралык саясат жана коопсуздук.

Ар бир жаран жана бардык адамдар үчүн кризиске каршы 20 мыйзам!

Фундаменталдык реформалар үчүн, ири, реалдуу жана алдыңкы долбоорлор үчүн 20 мыйзам!

«ЭЛ ҮЧҮН» программасы турмуштун эң маанилүү чөйрөлөрүн камтыйт жана орто жана узак мөөнөттүү мезгилге республиканын негизги багыттары боюнча өнүгүү стратегиясын сунуштай алат жана Программаны жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй максаттарды белгилейт (артыкчылыктуу, бирок өз ара көзкарандылыкта), алар биринчи кезектеги партиялык мыйзам долбоорлорунун / демилгелеринин 5 пакетинде таризделген:

  • Экономика саясатка караганда маанилүү
  • Социалдык чөйрө — ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык
  • Маданият жана билим — бул элдин баалуулугу
  • Натыйжалуу эл аралык саясат
  • Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү

Партиянын максаты – ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин жыргалчылыгы — бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы!

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Количество просмотров: 136