• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кыргызстан» партиясы: Туристтердин санын жылына 2 миллионго чейин көтөрөбүз!

16 Аяк оона 2020 17:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан – күн нуруна чагылышып, мөңгү баскан чокулардын, бийик тоолордун, күзгүдөй тунук көлдөрдүн жана таза суулардын өлкөсү.

Дүйнөлүк туризм уюму Кыргызстанды туризмге эң ыңгайлуу өлкө деп атаганы бекеринен эмес. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер көчмөн элибиздин каада-салты, маданияты жана жашоо турмушу жөнүндө көбүрөөк билип, жергиликтүү ашкананын даамын татып, эч жерде жок жылуу меймандостукту сезишет.

Бирок, инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүнөн, өлкөбүздү жарнамалоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндүгүнөн улам өлкөнүн туризм тармагы дагы деле өнүкпөй келет.

Кыргызстандын ИДПсындагы туризмдин үлүшү 5%ды түзсө, өткөн жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 613 миллион долларды, импорт 379 миллион долларды түзгөн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2019-жылы 1,8 миллион адам Кыргызстанга келген. Алардын көпчүлүгү Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келген туристтер. 2020-жылы коноктордун санынын 2019-жылга салыштырмалуу 15-30%га көбөйүшү күтүлүп жаткан, бирок бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия туризм тармагын дагы тушап койду.

Бүгүнкү күндө Маданият жана спорт министрлигинин алдындагы Туризм департаментинде республика боюнча 10 адамдан турган чакан штат бар, ал эми аймактарда өкүлдөр жок. Мындан сырткары, туризмди өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын брендин дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга бюджеттен бөлүнгөн каражат 10 миллион сомдон ашпайт.

“Кыргызстан” партиясы туризм тармагына иштөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүүнү сунуштайт. Биз инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө шарт түзүп, ар бир туристтин коопсуздугун мыйзамдуу камсыздайбыз.

«Кыргызстан» партиясы төмөнкүлөрдү сунуштайт:

жолдомолордун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну: виза — учуу — турак жай — эс алуу;

Чолпон -Ата шаарынан Каракол шаарына чейин көл жээгин бойлой велосипед жолун куруу;

өлкөдө туризмдин бардык түрлөрү үчүн гастрономиялык туризмди өнүктүрүү;

«Манас» эпосу жөнүндө тарыхый сериалга чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартуу менен каражат бөлүү (бул кинематографка чоң салым кошот, ошондой эле Кыргызстанга келүүнү каалагандардын санын көбөйтөт);

коңшу өлкөлөр менен мамилени чыңдоону жана бир эле учурда бир нече өлкөгө барууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу эс алуу тутумун иштеп чыгуу:

көчмөндөрдүн маданиятын жана жашоосун максималдуу көрсөтүү менен боз үй шаарчасын курууну.

Өзбекстандын Бухара, Самарканд, Хива шаарларынын байыркы архитектурасы үчүн саякат жасаса, Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы менен туристтерди өзүнө тартып, көчмөндөр маданияты менен тааныштырат — ал жерде туристтер боз үйдө жашап, жайлоого барып, улуттук ат оюндарын көрө алат;

-спорт, медициналык, укмуштуу окуялар, айылдык, диний жана экологиялык туризмдеги инфраструктураны жана тейлөө сапатын жакшыртуу.

Биздин максат — дүйнөнүн ар тарабынан келген 2 миллион турист!

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Количество просмотров: 86