• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Кыргызстан” партиясы тыюу салууга карабай 300 адам менен съезд өткөрдү

20 Баш оона 2020 15:01 Бишкек Govori.TV

19-августта Бишкектеги “Аю-Гранд-Комфорт” соода борборунда «Кыргызстан» саясий партиясынын кезексиз VII съезди өттү. Съездге парламент депутаттары, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, аймактардан келген делегаттар жана жаштар канатынын активисттери катышты.

Партиялардын курултайына 100 кишиден ашык катышууга тыюу салуу эрежесине карабастан “Кыргызстандын” курултайына катышкандардын саны 300 адамдан ашып кетти.

Курултайда биринчилерден болуп сөз сүйлөгөн партия лидери Канатбек Исаев, партиясынын туруктуулугуна токтолгон.


“Жогорку Кеңеште 6 фракция болсо анын эң туруктуусу “Кыргызтсан” фракциясы. Калган фракцияларды карагыла, бөлүнүп чачырап кетти. Биздин фракцияда 18 депутат болсо анын 14ү парламенттик шайлоого аттанып жатат. Бул туруктуулуктун эң жогорку көрсөткүчү”, – деди Исаев.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жашыруун добуш аркылуу аныкталды. Ал эми алдыңкы 10 тизмени жыйындын алып баруучусу экс-акыйкатчы Кубат Оторбаев окуп берери менен жыйында журналисттер жок экендигине карабай ЖМКларга жарыяланып кеткен.
Эске салсак, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Кыргызстан” партиясы 3-орунду ээлеп, 18 мандат менен Жогорку Кеңешке өткөн.

Жогорку Кеңештин VII чакырылыша шайлоо ушул жылдын 4-октябрында болот.

Количество просмотров: 1859