• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан өсүштүн гана үстүндө. ИДП 1 трлн. сомдон ашканын Улуттук статком сүйүнчүлөдү

12 Жетинин айы 202411:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан өнүгүп өсүүнүн гана үстүндө. Мисалы, 2024-жылдын январь-октябрь айларынын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 триллиондон ашкан. 2023-жылдын ушул айларына салыштырганда өсүш быйылкы өсүш 9,6% болду, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук статком андан ары ИДПнын өсүшүн мындай чечмелейт: өсүш товардык өндүрүштүн, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармагынын жана азык-түлүккө салынган салыктардын эсебинен болуп жатат. Өткөн жылдын он айына салыштырмалуу быйыл товардык өндүрүш 10,8%, тейлөө, кызмат көрсөтүүлөр 8,3%, ал эми азык-түлүктөргө салынган таза салыктар 11,3 %га өскөн.

Мындан тышкары, курулушта 1,6%, өнөр жайында 0,7% өсүш болсо, ал эми айыл чарбасында тескерисинче, 1,0% өсүш кыскарган.

2023-жылы биринчи жолу ИДП көлөмү ноябрь айынын аягында 1 триллиондон ашканы айтылган. Быйылкы жылы октябрь айынын аягында ИДП 1 триллиондон ашканын Улуттук статком кабарлады.

Количество просмотров: 114