• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл аягына чейин ИДП жан башына 2500 доллар болот

4 Жетинин айы 202415:26 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын аягына чейин калктын жан башына ИДП болжол менен 2500 долларды түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” темасына арналган жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда билдирди.

Акылбек Жапаров учурдагы экономикалык саясат өлкөнүн позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи: өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомго жетиши күтүлүүдө.

«Биз жан башына ИДП 2500 доллардын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз, ошондуктан ИДП төрт жылда эки эсе өстү деп айта алабыз. Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджети үч эсеге көбөйдү, 2020-жылы 247,7 миллиард сомду түздү, ал эми 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашат”, — деп белгилеген МинКаб башчысы өлкөнүн идеологиясынын үч принциби катары: мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги жана салыктарды толук жана өз убагында төлөө милдеттүүлүгүн эске салды.

Количество просмотров: 170