• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда азык-түлүк эки эле пайызга кымбаттадыбы?

10 Аяк оона 202416:33 Бишкек Govori.TV


2024-жылдын январь-август айларында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу, Кыргызстанда жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 2% түздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге, азык-түлүккө, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга гана баа бир топ жогорулады.

“Жашылча-жемиштер арзандаган, гречка, бөтөлкөдөгү сүт, жумуртка жана өсүмдүк майы да арзандаган», — деди ал.

Азык-түлүк товарларынын ичинен картошканын, туздун, быштактын, уйдун этинин, күрүчтүн, козунун этинин, жогорку сорттогу ундун, пастерленген сүттүн, канттын, балыктын жана майдын баасы кымбаттаган.

Количество просмотров: 166