• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кыргызстан сасык» деген кыз элден кечирим сурады

12 Чын куран 2020 21:42 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан жана анда жашагандар сасыктар» деген жаран элден кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

11-апрелде социалдык тармактарга белгисиз аял кишинин «Кыргызстан жана анда жашаган кыргыздар сасыктар, карантин бүтсө мен Кыргызстандан кетем» деген жаман сөздөр менен коштолгон видеосу тараган. Аталган видео социалдык тармактарда колдонуучулардын талкуусуна түшкөн. 12-апрель күнү аталган жарандын аты-жөнү аныкталып, Жалал-Абад ШИИБине алып келинген.

«Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1996-жылы туулган К.М. өзүнүн видеосу боюнча туура эмес кылгандыгын түшүнүп, кечирим сураган жана өкүнүп, мыйзам алдында жооп берерин билдирип кайрылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Видео факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 313-берененин (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Количество просмотров: 1530