• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзгөндө каза болгон аял жөнүндө пост жазган бишкектик жаран милицияга жеткирилди

31 Бугу 20259:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББнен билдиришкендей, Уланов 26-майда өзүнүн жеке баракчасына Өзгөн районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусунан кийин жубайы тарабынан зомбулукка кабылып каза болгон аялдын ар-намысына шек келтирген материал жарыялаган.

Милициядан билдиришкендей, Бишкек ШИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тиешелүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, жыйынтыгында башкармалыктын Тергөө кызматына 1994-жылы туулган Айбек Уланов жеткирилген. Учурда ага карата тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет.

Милиция тараткан видеодо Уланов кыргыз элинен, айрыкча Кыргызстандын энелеринен, эже-карындаштарынан, кыздарынан жана маркумдун үй-бүлөсүнөн: ата-энесинен, балдарынан жана жакындарынан кечирим сураган.

«Мен азыр Бишкек ШИИБдемин. Бүгүнкү ойлонбогон ишим үчүн кечирим сурагым келет. Бүгүн менин социалдык баракчама адам кадырын кемсинткен, жол берилгис билдирүү жарыяланды. Бул билдирүү өтө акаарат келтирип, маркумдун ар-намысына жана анын үй-бүлөсүнүн кадыр-баркына доо кетирди. Мен күнөөнү толугу менен мойнума алам, бул жоготуу азабын күчөттү. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында бардык жоопкерчиликти алууга даярмын», — деди Уланов

Количество просмотров: 2245