• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 50 жаштагы жаран изделүүдө

4 Теке 202522:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июлда Чоң Чүй каналына жаран түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ пресс-борбору билдирет.

Тагыраагы, ушул жылдын 12-июнунда Бишкектин Свердлов районунда Лебединовка айылынын 50 жаштагы Х.Ш. аттуу тургуну каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жаранды издөө иштерине саат 07:35те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 20 куткаруучу чыккан.

Мындан улам КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бир нече күн катары менен изделген.

Бүгүн да Бишкектин аймагына кирген Чоң Чүй каналынын жээктеринен жана суудан издөө жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 142