• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстан шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан акчалай жардам сурады

17 Аяк оона 2020 13:59 Бишкек Govori.TV

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт.

Ошондой эле ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат.

Количество просмотров: 132