• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан «Скай Мобайл» операторуна байланышкан дагы бир ишти жапты

17 Жетинин айы 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто 73,8 млн доллардык «Скай Мобайл» уюлдук оператору боюнча арбитраждык ишти жапты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуянын хронологиясы: 2018-жылдын ноябрында «Menacrest AG» жана «VIP Kyrgyzstan Holding AG» компаниясы биздин өлкөдөн «Скай Мобайл» иши боюнча 73,8 млн доллар компенсация талап кылып арбитраждык териштирүү ишин (иштин номери – «PCA case, #2019-29») баштаган.

2021-жылдын февралында талаштын чоо-жайы боюнча жана доогерлердин кыргыз тарапка дооматынын негиздүүлүгү боюнча угуулар болуп өткөн.

2020-жылдын ичинде тараптар арбитраждын курамына өз позициясы боюнча жазуу жүзүндөгү аргументтерди беришкен.

Ал эми 2021-жылдын 12-ноябрында арбитраждык трибунал арбитраждык процессти толук токтотуу жана бул инвестициялык ишти жабуу тууралуу процесстик буйрукту чыгарган, анткени тараптардын ортосундагы талаш-тартыш кырдаал жөнгө салынган жана Кыргызстанга карата 73,8 млн доллар талап толугу менен кайтарылган.

Белгилей кетсек, жөнгө салуу шарттарынын бири – 2018-жылдын ноябрынан тартып бардык арбитраждык чыгымдарынын 96,2% доогерлер («Menacrest AG» компаниясы жана «VIP Kyrgyzstan Holding AG» компаниясы) тарабы, ал эми кыргыз тарабы 3,2% гана жапмакчы болду.

Арбитраждык трибунал төмөнкү арбитрларды камтыган:

  • Мистер Джон Бикей (Mr.John Beechey CBE, Presiding Arbitror);
  • Профессор Джулиан Лью (Prof. Julian D.M. Lew QC);
  • Доктор Гэвин Гриффит (Dr. Gavan Griffith QC).
Количество просмотров: 196