• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алат

12 Баш оона 2021 10:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Түркмөнстандан 2021-жылдын август айынан декабрга чейин 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги билдирди.

Келишимге энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койгон.

Андан сырткары Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылат.

Президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда Кыргызстанга электр энегриясын сатуу боюнча сүйлөшүлгөн.

Кыргызстандын эң башкы “Токтогул” ГЭСинде суунун көлөмү 11,9 млрд. кубга жетти. Бирок бул баары бир былтыркыдан 2-3 млрд. кубга аз.

Количество просмотров: 112