Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече маселе макулдашылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Жолугушууга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен аталган облус боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Тажикстандын Согди облусундагы башчысы Раджаббой Ахмадзода жана чек ара өкүлү Хикматулло Пиракзода, ошондой эле эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлү катышкан.Эки өлкөнүн делегациясы чыр-чатак башталган Төрт-Көчө аймагына келген.
Анда тараптар төрт ок атууну толугу менен токтотууга, ар бир тарап чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жерине алып кетүүгө, Баткен — Исфана жолунда кыймылды жандантуу, чек ара аймактарында чыр-чатактарды алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биргелешип күзөтүү жүргүзүүсү тууралуу макулдашкан.