• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан Тажикстан менен биргелешкен билдирүүнү жарыялады

6 Бугу 2021 15:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат. Ошондой эле эки өлкө аталган анклавдын чегин «Кожалы- Ворух» жолунун курулгандан кийин тактоону макулдашкан.

Андан сырткары эки тарап №43 — №61, №135 — №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан.

«Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

Количество просмотров: 1090