• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешмесинде бир катар документтерге кол коюлду

2 Чын куран 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Тизмеси:

 ⁃ Кыргыз Республикасынын Президентинин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү кеңешмесинин протоколу;

 ⁃ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди  Өзбекстан Республикасы тарабынан жүргүзүү тууралуу келишим;

 ⁃ Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө ноталар менен алмашуу.

Количество просмотров: 168