Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы зордуктоого байланыштуу айыпталган Казакстандын жараны Шокан Абылкасымовду өткөрүп берүү боюнча казак тараптын сурамын канааттандырды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Абылкасымовго мамлекет аралык издөө жарыяланып, ал 2019-жылдын 5-мартында Чүй облусунда кармалган. Казак жаранын өз өлкөсүнө өткөрүп берүү ишин уюштуруу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тапшырылган. Ал эми 6-майда Абылкасымов Казакстанга өткөрүлүп берилди.
Казак басылмаларынын жазганына караганда, Абылкасымов катышкан кылмыш 2017-жылы Нур-Султан шаарында болгон. Жашоосунан корккон жабыркоочу кыз айнектен секирген. Натыйжада ал оор жараат алган. Шектүүлөрдүн бири Мурат Иджрисов ошол учурда кармалып, сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.