• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда 100 миңге жакын жаран жашоо минимумунан төмөн пенсия алат

15 Аяк оона 2023 13:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 100 миңге жакын жаран жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, азыркы учурда пенсионердин жашоо минимуму 6 миң 813 сомду түзөт.

«Социалдык фонд жана социалдык коргоонун ортосундагы айырманы билүү керек. Социалдык фонд пенсияларды эмгек стажына жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша эсептейт. Көпчүлүк учурда эмгек стажы — 5-7 жылды түзгөндөрдүн пенсиясы аз болот. Бул багытта иш жүрүп жатат. Биз 1-октябрдан тарта Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизебиз, эгерде депутаттар аны колдоп беришсе, аталган пенсиялар да жогорулайт. Минимум 5 жылдык иш тажрыйбасын киргизүүнү пландап жатабыз. Азыр пропорционалдык түрдө 3 миң 170 сомдон санап жатабыз, минималдык иш стажы киргизилгенден кийин андай болбойт. Эгерде 5 жылдык эмгек стажы болсо, анда автоматтык түрдө 3 миң 170 сом төлөй баштайбыз», — деп түшүндүрдү Соцфонддун башчысы.

Количество просмотров: 341