Кыргызстанда 105 миңден ашык бала 1-класска катталды
Кыргызстанда 105 миңден ашык бала 1-класска катталды
16 Теке 202418:28 Бишкек Govori.TV
2024- жылдын 8-апрелинен 16-июлуна чейин балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына республика боюнча 105 миң 517 бала катталган.
Ош облусу – 19 126 бала катталды;
Жалал-Абад облусу – 18 965;
Чүй облусу – 17 590;
Баткен облусу – 10 388;
Ысык-Көл облусу – 8182;
Нарын облусу – 4805;
Талас облусу – 4372;
Бишкек шаары – 15 993;
Ош шаары – 6096.
Учурда анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.