Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 18-сентябрда республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн” ыктыярчысы Калыс Майр билдирди.
Маалыматка ылайык, акция дүйнө жүзү боюнча 2008-жылдын бери өтүп, ага 180ден ашык өлкө катышып келет.
“Кыргызстан төрт жылдан бери жалпы ишембилик өткөрүп келет. Алгач акцияга 400 миңдей адам катышкан. Азыркы күндө катышуучулардын саны күн санап өсүүдө. Биздин негизги максат жарандарга экологиялык көйгөйлөрдү айтуу. Өлкө боюнча өтүп жаткан тазалык күнүнө министрлер кабинетинин өкүлдөрү, жеке компаниялар катышат»,-деди ал.