• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда 2021-жылы электр энергияга болгон баа өзгөрүүсүз калат

14 Теке 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2021-жылы электр энергияга болгон баа өзгөрүүсүз калат. Мындай чечим Садыр Жапаров менен тариф саясаты талкууланган жолугушуудан кийин кабыл алынган.

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары электр кубатын керектөө көлөмүнө карабастан жыл бою бир киловатт саатына 0,77 тыйындан төлөшөт. Калган жашоочулар 700 киловатт-саатка чейинки керектөө үчүн 0,77 тыйындан жана лимиттен ашыкча 2,16 сомдон төлөшөт», — деп билдиришти башкармалыктан.

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштаганын басма сөз кызматы билдирген.

Андагы сунуштарды карасак, чектөөлөрдү алып, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 4 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экени айтылган.

Количество просмотров: 171