Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 2, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 3, Ош шаарында – 18 бейтап. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 600гө жетти», — деди Үсөнбаев.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.