• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда 42 бейтап коронавирустан айыкты

1 Бугу 202010:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 42 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Коронавирустан 42 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Нарын облусу – 11, Жалал-Абад облусу -3, Ош облусу – 9, Ысык-Көл облусу -1, Ош шаарында — 10 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 504кө жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын бардыгынын анализдери терс болуп чыкты», — деди Акматова.

Количество просмотров: 114