Megacom
  • Ишенби 8 Баш оона 2020

Кыргызстанда 526 адамдан COVID-19 аныкталды

2 июля 2020 в 10:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 526 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 211 адам;

– Чүй облусунда 231 адам;

– Ош облусунда 6 адам;

– Ош шаарында 19 адам;

– Жалал-Абад облусунда 27 адам;

– Баткен облусунда 18 адам;

– Нарын облусунда 3 адам;

– Талас облусунда 1 адам;

– Ысык- Көл облусунда 10 адам.

Өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 6261 кишиге жетти.

Количество просмотров: 249