• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстанда 5G интернетин ишке киргизүү пландалууда

11 Кулжа 20219:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү алдында турат. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Жаңы технология маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте «акылдуу шаар», «акылдуу турак жай» долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет. Ошондой эле өндүрүштүк процессти оптимизациялап, кеңсе, соода борбору жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилердин ишин жеңилдетет», — деп айтылат маалыматта.

5G технологиясын киргизүүгө төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылат:

Технологияны сыноо үчүн бир шаарды тандоо жана 5G технологиясына кызыккан уюлдук байланыштар менен сынап көрүү;

Учурдагы радиоэлектрондук каражаттан келечектүү тилкелерди бошотуу иштерин жүргүзүү;

Калкка сапаттуу интернет жеткирүү боюнча мониторинг жүргүзүү.

Количество просмотров: 84