• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда 742 адамдан коронавирус табылды

13 Үчтүн айы 2022 9:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 742 адам COVID-19 диагнозу менен катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 632;
  • Чүй облусунда – 42;
  • Ысык-Көл облусунда – 22;
  • Жалал-Абад облусунда – 15;
  • Ош шаарында – 8;
  • Талас облусунда – 8;
  • Баткен облусунда – 8;
  • Ош облусунда – 5;
  • Нарын облусунда – 2.

Бир сутка ичинде коронавирустан дагы 3 адам каза болду. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 миң 826 кишини түздү.

Акыркы суткада 100 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 580 бейтап, амбулатордук түрдө 2096 адам дарыланууда.

Количество просмотров: 99