• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда адамдарды жана унааларды дезинфекциялоочу туннелдер жасалды…

2 Чын куран 202021:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустан сактаныш үчүн адамдарды жана автомашиналарды дезинфекциялап өткөрө турган алгачкы көчмө туннелдер жасалды. Бул тууралуу Бакыт Дегенбаев фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, «Steelex» компаниясынын өкүлчүлүгү мындай туннелден экини жасап чыгарды, алар штабга көмөк көрсөтүү максатында берилди.

Мындан тышкары, аталган компания COVID-19 вирусуна анализ ала турган медицина кызматкерлери үчүн атайын чакан жабык кабиналарды чыгарууну пландап жатат.

Количество просмотров: 449