Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Улуттук статистикалык комитети жарандардын бир айлык жашоосу үчүн корогон каражаттын эсебин чыгарды.

Андагы маалыматка ылайык адам бир ай ичинде 4681сомго жашай алат. Мурдагы жылы бул сан 4884 сомду түзгөн.

Эң жогорку каражат Жалал-Абадда 5036 сомду түзгөн.

Ал эми эң төмөнкү Таласта 4186 сом эсептелет.

Бир айлык жашоого керектелүүчү каражаттын ичине төмөнкүлөр кирген.

Тамак аш каражаттары – 3042 сом;

Үй каражаттары – 749 сом;

Түрдүү кызмат акы – 795 сом;

Салык – 93 сом;

Кыргызстандын пенсионерлери үчүн бир айлык жашоосуна 4168 сом кетээри айтылды. Пенсионерлер үчүн жогорку көрсөткүч Ошто – 4326 сом эсептелинген.