• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда аялдын бир төрөтү канча сом турат?

31 Тогуздун айы 2018 14:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018.Govori.TV
Бүгүн, 31-октябрда  Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров парламенттин жалпы жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден учурда Кыргызстанда бир баланын төрөтүн кабыл алууга канча сом чыгымдаларына кызыгып суроо салды.
Ал эми Каратаев аялдын төрөтүн кабыл алууга эч кандай акча төлөнбөй, мамлекеттин кепилдик программасынан алкагында бекер болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал анткен менен иш жүзүндө бир аз учурлар кездешип жатканын мойнуна алды.
«Жеткиликтүү каржылоо болбогондуктан анча-мынча төлөм болуп жатат, каражаттын бөлүнүшү боюнча көйгөйлөр бар», — деди министрдин орун басары.
Ал эми депутат Каратаевдин  жообун  канааттандырган жок.
«Бизде бир баланы төрөтүү үчүн 15 миң сомдон кем акча төлөнбөйт. Бекер болушу керек деген мыйзамды аткарбай жатасыңар», — деди эл өкүлү.
Депутат ошондой эле быйыл бала сатуу боюнча канча дарыгер жоопкерчиликке тартылганын сурады.
Буга Каратаев бала саткан фактылар бар экенин, ага шектелип жаткандар камакка алынганын белгиледи.

Количество просмотров: 25