• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

15 Бугу 2020 12:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтө турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда  өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифинг учурунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалда эң башкысы балдардын коопсуздугу жана ден соолугу маанилүү.

«Белгилүү инсандарга, баардык ата-энелерге жана мектеп директорлоруна кайрылып, онлайн форматында куттуктоо жана каалоо-тилектерди айтып, бүтүрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрөлү деп жатабыз. Учурдан пайдаланып журналисттерге, белгилүү инсандарга, искусство адамдарына жана ата-энелерге кайрылып кетким келет. КТРК каналы «Мен — бүтүрүүчүмүн/Я — выпускник» деген жакшы акция баштады. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрүн, каалоо-тилектерди жазып жөнөтсөңүздөр болот. Биз да ошондой форматта окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, окуу жылын аяктайлы деп жатабыз»,-деп билдирди Жусупбекова.

Количество просмотров: 200