• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Кыргызстанда акыркы суткада 140 жаран коронавирустан айыкты

4 Тогуздун айы 2020 11:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 140 жаран коронавирустан айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 9, Ош шаарында 25, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 43, Нарын облусунда 11, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 17, Баткен облусунда 25 адам айыкты.

Белгилей кетсек, 4-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 244 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 428ди түзөт. Алардын ичинен 43 миң 418 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Количество просмотров: 29