Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 3,2 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өткөн маалымат жыйында Улуттук статистика комтитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.
Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар 5,4 пайызга, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга 4,3 пайызга жогорулаган.
«Ушул мезгил аралыгында, кумшекер 19,3 пайызга, картошка-14,0 пайызга, тооктун жумурткасы-14,0 пайызга, жашылчалар-14,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майлары-9,4 пайызга, эт- 3,6 пайызга, нан- 2,3 пайызга болгон баалар өстү», — деди ал.
Оросбаев үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, ушул тапта Улуттук статистикалык комитетте республиканын 2021-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өтүп жатат.