• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн

6 Бештин айы 202417:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экендиги аныкталган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүк продукцияларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продукцияларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 3,94%га жана Россиядан 7,9%га төмөн экендиги аныкталды.

«Өткөн аптага салыштырмалуу Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продукцияларына болгон баа 0,6% га жогоруласа, коңшу Казакстандын базар баалары 0,7 % га, ал эми Россия Федерациясы 1,5 % га жогорулагандыгы байкалды», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 401