• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргызстанда бүгүн аза күтүү күнү

23 Баш оона 2022 9:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өлкө бүгүн, 23-августта Орусияда кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу аза күтөт. Мындан улам, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туулары ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө ооруканага жеткирилген.

Кырсыктан улам кылмыш иши козголуп, анын Орусиянын Тергөө кызматы тергеп жатат.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга бүгүн, 23-августта алынып келет.

Количество просмотров: 256