• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат

13 Теке 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын август айында биринчи жолу Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Ал үчүн Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал маалымдагандай, “Семетей” мейманканасы ремонттолуп, шарт түзүлдү, ал жерге түркиялык дарыгерлер жайгаштырылат.

«Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, тагдыры аянычтуу аяктайт.

Бул көйгөй президентибиз Садыр Жапаровду көп түйшөлтүп жүргөн. Жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары Кыргызстанда ички органдарды алмаштыруу, операция кылуу маселесин чечти», — деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк “Достук” клиникасында жасалат. Тиешелүү заманбап лабороториялары даярдалууда.

Количество просмотров: 68